ГОЛЛИВУД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛЛИВУ́Д , Х о л л и в у д – Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарындагы америка кинематография борбору. 1908-жылы Калифорнияга «Граф Монте-Кристо» тасмасынын натуралык көрүнүштөрүн тартуу үчүн У. Зелигдин Чикагодогу фирмасынын анча чоӊ эмес тобу келет. XX кылымдын башталышында бул штатка киноаппаратурага берилген патенттин негизинде өлкөдөгү тасмаларды тартууну жана көрсөтүүнү монополизациялаштырып алган Т. А. Эдисондун Нью-Йорктогу «Моушн пикчерс пейтентс компани» («МППК») компаниясы менен соттошуудан чочуган көптөгөн майда киноишкерлер өтө баштайт. Акырындап ага кинорежиссёрлор, актёрлор, тех. кызматкерлер келишип, кино өнөр жайынын өндүрүштүк базасы курулган. 1911-жылы мында алгачкы киностудия түзүлгөн. 1915-жылы «МППКнын» монополиясы жоюлгандан кийин деле Голливуд Америка Кошмо Штаттарынын кино өнөр жайынын борбору болуп кала берген. XX кылымдын 30-жылдарынын 2-жарымында 8 ири фирма («Метро-Голдвин-Майер», «Парамаунт», «XX кылым – фокс», «Коламбия», «РКО-Радио», «Уорнер разерс», «Юниверсал», «Юнайтед – артистс») жылына 500дөн ашуун тасма тарткан, 40-жылдардын башында алдыӊкы режиссёрлор социалдык курч маселелерге арналган тасмаларды коё баштаган. Голливуддан көптөгөн атактуу киноактёрлор, кинорежиссёрлор чыгып, дүйнөлүк кино искусствосун байытууга зор салым кошушкан. «Кино жылдызы» деген түшүнүк ошол жерде пайда болгон. Голливудда XX кылымдын 90-жылдарында Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде тасма тартылган.

Лос-Анжелес шаары, Калифорния штаты.
Кызыл килем фотозонасы.
Лос-Анжелестин борборунан батышка карай кеткен район, бүт дүйнөгө америка кинематографиясынын бешиги катары таанылган белгилүү жер.
Символго айланган жарнама: HOLLIWOOD белгисинин тарыхы.