ГОЛСУОРСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:42, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́ЛСУОРСИ Жон (14. 8. 1867, Лондон, Улуу Британия – 31. 1. 1933, ошол эле жер) – англис жазуучусу, драматург. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1932). «Форсайттар жөнүндө сага» (1906–1921), «Учурдагы комедия» (1924–1928) үчилтиктеринде 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын 30-жылдарына чейинки англис буржазиясынын адеп-ахлагын эпикалык планда сүрөттөп, жеке менчиктин коомдук жана жеке турмуштагы ролун ачып көргөзгөн. «Башчынын өлүмү» (1931–1933) үчилтигинде консервативдүү тенденциялар байкалат. Ал «Учурдагы тарых», «Ак маймыл» (1924), «Күмүш кашык» (1926), «Ак куу ыры» (1928), «Идиллия», «Кездешүү» (1927), «Кызымдын досу» (1931), «Гүлдөгөн талаа» (1932), «Өзөндөн кийин» (1933) аттуу новеллалардын, ошондой эле «Фарисейлер аралы» (1904), «Короо жай» (1907), «Боордоштор» (1909) романдарынын жана «Күмүш куту» (1909), «Күрөш» (1909), «Жансыз алгырлык» (1920) жана башка бир нече драмалык чыгармалардын автору. Жон Голсуорси публицистикаларында реализм принциптерин коргогон.

Жон Госуорси.
Ж. Голсуорси «Форсайттар жөнүндө сага».