ГЕОГРАФИЯЛЫК АТЛАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК А́ТЛАС – жалпы программа боюнча бир бүтүн чыгарма катары аткарылган географиялык карталардын системалуу жыйындысы. Байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемейдин (2-кылым) географиялык карталар жыйнагы кийинки Географиялык аластардын түзүлүшүнө негиз болгон. «Атлас» деген атты (легенда боюнча асман глобусун биринчи болуп жасаган Ливиянын мифтик королу Атластын ысмынан) 1-жолу 1592-жылы картограф Меркатор колдонгон. 16-кылымдын аягында атайын даярдалган алгачкы атластар басылып чыга баштайт. Алардын ичинен Л. Вагенардын деӊиз навигация карталарынын 2 томдук жыйнагы (1584–85) белгилүү. 17-кылымда атластар көбүнчө Голландияда даярдала баштайт. 1701-жылы С. Ремезов 1-орус географиялык атласы – «Сибирдин чийме китебин» түзөт. 18-кылымда атлас түзүү Париж, Петербург, Берлин ИАларында көрүнүктүү орунду ээлеген. 19-кылымда тематикалык атластар пайда боло баштайт. Географиялык аластын төмөнкүдөй түрлөрү бар: камтыган аймагына карата – дүйнө жүзүнүн, айрым өлкөлөрдүн ж-а облустардын атластары; мазмуну боюнча – жалпы географиялык карталардын атласы, тематикалык карталардын тармактык атластары (мисалы, климаттык, геологиялык, Дүйнөлүк океандын); көптөгөн өз ара байланышкан кубулуштардын (мисалы, Дүйнөлүк океандын климаты м-н океанографиясынын) же көрсөтүлгөн аймакка толук мүнөздөмө берүүчү комплекстүү атластар; арналган максатына карай – илимий-маалымат наама, край таануу, окуу, туристтик, жол катнашы ж. б. атластар. Дүйнөлүк атластардын ичинен советтик атластар айрыкча баалуу: Дүйнө жүзүнүн атласы (1954, 1967, 1999); Дүйнө жүзүнүн физикалык- географиялык атласы (1964); Деӊиз атласы (4 томдук, 1950–63); Дүйнө элдеринин атласы (1964); Антарктика атласы (1966–69) ж. б. Башка өлкөлөрдө түзүлгөн атластардан Дүйнө жүзүнүн оксфорд экономикалык атласы (1965) көрүнүктүү орунда. Көп өлкөлөр өз калкын, экономикасын, маданиятын, табиятын чагылдырган ж-а тармактык атластар түзгөн. Өзгөчө мааниге СССРдин климаттык атласы (1960–63), эл аралык дүйнө атласы (2003) м-н мамлекеттердин, крайлардын, облустардын атластары илимий практикалык ж-а жалпы маалымат алууга өтө пайдалуу түзүлгөн. Кыргызстандын алгачкы атласы 1987-жылы жарык көргөн.


Ад.: Салищев К. А. Географические атласы //Итоги науки. Картография. В 1–3; М., 1966; Цветников М. А. Лесные карты и методика их составления. М.; Л., 1950; Эдельштейн А. В. Как создаётся карта. М., 1978; Атлас Киргизской ССР. Т. 1. М., 1987; Атлас Мира. М., 2003.