ВЕРНИСАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРНИСА́Ж (фр. vernissage – лак м-н жабуу, жалтыратуу) – атайын чакырылган адамдар (сүрөтчүлөр, сынчылар, мад-т ж-а иск-во ишмерлери, тийиштүү мекемелердин ж-а уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрү ж. б.) катышкан көргөзмөнүн жабык кароосу же көрүүчүлөрдүн кеӊири массасына арналган көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы. В-дын аталышы качандыр бир кезде кеӊири тараган француз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмө ачылар алдында көргөзмө салонундагы картиналарды жалтыратып лактап койгон каада-салтынан келип чыккан.