ГРАФСЫЗГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:58, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАФСЫЗГЫЧ, п л о т т е р – имарат планын, же чынжырлар диаграммасы сыяктуу чиймелерди басып чыгарууда колдонуучу түзүлүш. К ал е м д ү ү жана э л е к т р с т а т и к а Графсызгычы деп аталган эки түрү бар. Программалык жабдыктардын буйругу менен калем планшеттин бетине орнотулат. Ал планшеттин бети менен буйруктарга ылайык жылып сүрөт түшүрөт. Электрстатика Графсызгычынын ар бир сабынын алдына өткөргүч (ийне) болот, ал документке электрстатика чыӊалуусун түзүп, кийин документ көрсөтүүчү түзүлүш аркылуу өтөт жана заряддалган өткөргүчтүн документке тийген жери чийилет. Электрстатика принтери бир катар кичине чекиттерден түзүлөт жана алар менен жогорку сапаттагы сүрөт тартылат. К. Т. Осмонов.

Сүрөт жана компьютер үчүн графикалык планшет.
Графсызгыч.