ГРАФФИТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРА́ФФИТИ (итал. graffiti – сөзмө-сөз чийилген) – имарат, дубал жана идиш беттерине чийип, оюп түшүрүлгөн жазуу, сүрөт. Граффитинин байыркы жана орто кылымдагы элдердин жашоо-тиричилигин, үрп-адатын изилдөөдө чоӊ мааниси бар. Граффити байыркы Рустун убагында салынган имараттардын баарында дээрлик учурайт (мисалы, Киев, Новгороддогу соборлор жана башкалар), ошондой эле Орто Азиядагы байыркы адамдар жашаган турак жайлардан да табылган.

Кыргыз граффитиси.
Бишкек шаарындагы граффити.
Түстүү граффити. Хабаровск, Киров району.