ГРЕЙЗЕН
ГРЕ́ЙЗЕН (нем. Greisen – бөлүнүү, ажыроо) – метасоматоз жолу менен пайда болуп, курамы кварц жана түстүү слюдалардан (лепидолит, мусковит) турган тоо тек. Грейзенде көп учурда кенташ минералдары (касситерит, вольфрамит, танталит, берилл жана башкалар) болот. Негизинен ар түрдүү формадагы аянтчалар түрүндө гранит массивдеринде, айрыкча алардын чет жакаларында, кээде аларды курчаган тоо тектерде жатат. Сууп бара жаткан гранит интрузияларынан бөлүнгөн газ менен эритиндилердин тоо тектерди өзгөртүшүнөн келип чыгат. Грейзен менен сейрек элементтердин жана түстүү кооз, асыл таштардын (топаз, берилл жана башкалар) кендерин изилдеп табууга болот.


