ГРИЗАЙЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИЗА́ЙЛЬ (фр. grisaille, gris – боз) – 1) адатта жасалгалык багыттагы, боз түстөгү монохромдук живопись. Дубалда оймолоп жазуу же панно түрүндөгү Гризайль көбүнчө тегиздик рельефти элестетет. Станок живописинде Гризайль техникасы кошумча иштерде: эскизде же нерсеге бир аз түс берүүдө колдонулат. Мындай учурда живописчилер ар кандай түстөгү бир түрдүү живописти Гризайль деп аташат; 2) Кайра жаралуу доорунда Франциянын Лимож шаарындагы оймолоп жазылган эмалдар.

Гризайль техникасындагы картина.
Гризайль
Гризайль техникасындагы натюрморт.