ГЕОГРАФИЯЛЫК МЕЙКИНДИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК МЕЙКИНДИК – Жердин магнит талаасынын жогорку чегинен жер кыртышынын төмөнкү чегине (мантияга) чейин созулган табигый системасы. Түшүнүктү М. М. Ермолаев (1967, 1975) негиздеген. Географиялык мейкиндик негизги төрт бөлүктөн турат: 1) жакынкы космос (1500–2000 кмден 65–70 миӊ кмге чейин), анда Жердин магниттик ж-а гравитациялык талаалары м-н космостук факторлордун өз ара аракеттениши жүрөт. Натыйжада, Жердин радиациялык алкагы пайда болуп, ал жердин бетин космостон келүүчү корпускулалык радиациядан сактайт; 2) бийик атмосфера: төмөнкү чеги тропопауза, анда алгачкы космостук нурлар (протондор) экинчи нурларга (электрон ж-а мезондорго) айланат, термосферанын ысышы жүрөт, рентген, ультракызгылткөк радиациялары сиӊирилип кармалат, озон катмары пайда болот. Жалпысынан бийик атмосфера Жердеги тиричиликти космостун коркунучтуу радиациясынан сактайт; 3) географиялык катмар: тропопаузадан чөкмө тектер катмарынын (стратисфера) төмөнкү чегине чейин; бул катмарда бизге белгилүү жер бетиндеги түрдүү табигый процесстер жүрүп турат; 4) тереӊдеги жер кыртышы: стратисферанын төмөнкү чегинен мантиянын жогорку чегине (Мохоровичич чегине) чейин, ал – жердин бетинин рельефинин негизги формаларын, магмалык ж-а метаморфизмге дуушарланган тоо тектерди калыптандырган эндогендик процесстердин аренасы.
Географиялык мейкиндик концепциясы «дөшү» болгон жер кыртышы м-н «балка» болгон космостук таасирлердин аралыгындагы географиялык катмардын абалын аныктайт. Географиялык мейкиндиктин жогорку бөлүктөрү жер бетинин жаратылышын космостук түз таасирлерден коргосо, төмөнкү бөлүгү жердин ички күчтөрүнүн түз таасирлеринен сактайт. Демек, Географиялык мейкиндиктин четки бөлүктөрү жер бетиндеги жаратылыш процесстеринин болуу мүмкүндүгүн (өзгөчө тиричиликтин) аныктаса, географиялык катмардын өзгөчөлүктөрү алардын мейкиндикте таралышын аныктайт. Айрым адабияттарда Географиялык мейкиндик географиялык катмардын чегиндеги объектилердин карым-катнаштарынын жыйындысы катары каралат.


Ад.: Ермолаев М. М. Введение в физическую географию. Л., 1975; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Филипов Е. М. Земля во власти космоса. М., 1991.
Т. Кулматов.