ГРУЗИН ЖАЗУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРУЗИ́Н ЖАЗУУСУ – байыркы жазуулардын бири. Сакталып калган эӊ байыркы эстеликтери V кылымга таандык. Грузин жазуусу жаӊы доордун алгачкы кылымдарында Грузияга тараган арамей жазуусунан пайда болгон. Кийин Грузияга христиан дининин таралышына (болжол менен 337-жыл) байланыштуу жана грек жазуусунун таасири менен бир аз өзгөрүүгө дуушар болгон. Грузин жазуусунун байыркы жазуу (V–XI кылымдар), жаӊы жазуу (XI кылымдын ортосунан баштап) деген эки варианты бар, байыркысы «хуцури», жаӊысы «мхедрули» деп аталат. Китеп басуу пайда болгондон тартып, грузин алфавити бир системага түшкөн.

Грузин жазууларынын үлгүсү Палестинадан табылган жана V кылымдын 30-жылдарына таандык. Грузин жеринен эң байыркы жазуулары - бул Болнис Сион жазуулары (493–494-жылдар).
Грузин алфавити. Асомтаврули.
Грузин жазуусу дүйнөдөгү эң байыркы алфавиттердин бири.