ГРУЗИН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРУ́ЗИН ТИЛИ грузиндердин тили. Грузин тили иберн-кавказ тилдеринин картвел тобуна кирет. Ал Кавказ тилдеринин ичинен эӊ байыркы жазмасы бар тил. Картли, кахети, пшав, хевсур, түш. жана башка диалектилерге бөлүнөт. Адабий тили картли менен кахети диалектилеринин негизинде өнүккөн. Тарыхый жагынан грузин адабий тили байыркы грузин (XII кылымга чейин), жаӊы грузин (XII кылымдан баштап) тили болуп бөлүнөт. Биздин замандын V кылымынан берки жазма эстеликтери сакталган. Үнсүз тыбыштары көп, үндүүлөрү аз. Префикстер менен суффикстер катар колдонулат. Грамматикалык жактары (род) жок. Баяндоочу көбүнчө сүйлөмдүн аягына келет.