ГЕОДЕЗИЯЛЫК ПУНКТ
ГЕОДЕЗИЯЛЫК ПУНКТ – жер бетиндеги алган орду геодезиялык ченөөлөр м-н координаталардын ж-а бийиктиктин тигил же бул системасында анык

талган чекит. Геодезиялык пункттун координаталары көбүнчө триангуляция ыкмасы м-н аныкталат. Бул учурда Геодезиялык пункт Триангуляция же тригонометриялык пункт деп аталат. Эгер Геодезиялык пункт полигонометрия ыкмасы м-н аныкталса, ал полигонометрия пункту деп аталат. Геодезиялык пункттун бийиктиги нивелирлөө ыкмасы м-н аныкталат. Триангуляция, полигонометрия ж-а нивелирлөө пункттары белгилүү бир тереӊдикке темир-бетондон курулуп, жер бетине атайын белгилер коюлат (к. Геодезиялык белгилер). Өз ара байланышкан Геодезиялык пункт геодезиялык тармакты түзөт. Ал жер бетинде жүргүзүлүүчү топографиялык изилдөөлөрдүн, ар түрдүү инженердик жумуштар м-н эл чарбасындагы геодезиялык ченөөлөрдүн негизи болот.