ГЕОДЕЗИЯЛЫК ТАРМАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОДЕЗИЯЛЫК ТАРМАК – жер бетинде атайы геодезиялык белгилер түрүндө орнотулган чекиттердин (пункттардын) системасы. Геодезиялык пункттардын географиялык өз ара жайгашуу абалы план ж-а бийиктик боюнча геодезиялык ченөөлөрдүн натыйжасында аныкталып, өтө керек маалыматтар катары дайыма такталып турат. Тактоодо Жердин жасалма спутниктеринен жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжалары да пайдаланылат. Геодезиялык тармак топографиялык карталарды түзүүдө алардын негизи ж-а белгилүү бир жерге дал байланыштыруу муктаждыгындагы инженердик изилдөө ж-а курулуш тургузуу жумуштарынын башкы таяныч пункттары болуп эсептелет.