ГЕОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЛО́ГИЯ (гео… ж-а …логия) – Жер ж-а анын кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы ж-а андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашуусу жөнүндөгү илимдердин комплекси. Геология эӊ байыртан, тоо тек, минерал ж-а кенташтар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар пайда болгондон эле белгилүү. Байыркы грек ж-а Рим илимпоздору (Пифагор, Аристотель, Плиний, Геродот, Страбон ж. б.) жер титирөө, жанар тоолордун атылуу ж-а дарыя нуктарынын өзгөрүү процесстерин байкашып, алардын пайда болушун түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок, Геология илим катары туӊгуч ирет орто кылымда чыгыш окумуштуулары Фараби, Бируни ж-а Ибн Синанын эмгектеринде калыптана баштайт. Алар айрым минералдарга, асыл ж-а кооз таштарга, кээ бир геологиялык тулкулар м-н кубулуштарга илимий мүнөздөмө беришкен. Европада тарыхый Геологияга тиешелүү маалыматтар 16–17-кылымдарда Леонардо да Винчинин, Ж. Фракасторонун, Н. Стенонун эмгектеринде кездешет. Жазма адабиятта «Геология» деген сөздү алгачкы жолу немис епископу Р. де Бьюри 1473-жылы Кельн шаарында чыккан «Philobiblon» («Китептерге ышкы») аттуу китебинде азыркы түшүнүктөн таптакыр башкача диний мааниде пайдаланган. «Геология» терминин алгач 1603-жылы италиялык натуралист У. Альдрованди «теология» терминине карама-каршы, табиятка байланыштырып (зоология ж-а ботаника), «жер илими» – деген терминди колдонгон. Азыркы учурдагы түшүнүккө жакындашкан мааниде «Геология» терминин 1657-жылы норвегиялык окумуштуу М. П. Эшольт колдонгон. 17-кылымдан 18-кылымдын 1-жарымына чейин «Геология» термининин ордуна «минералогия» ж-а «ориктогнозия» терминдери, 18-кылымдын аяк ченинен 19-кылымдын ортосуна чейин Германияда, Россияда (1920-жылга чейин), Англияда «геогнозия» деген термин колдонулуп келген. 18-кылымдын 2-жарымынан табият таануу илимдеринин бир тармагы катары Геология өз алдынча бөлүнө баштаган. Ушул мезгилде айрым тоо тектердин келип чыгышы жөнүндө илимий түшүнүктөр пайда болуп, геологиялык кубулуштарды байкоо жолдору иштелип чыгып, көптөгөн материалдар топтолгон. 18-кылымдын ортосунда адегенде кичирээк, кийин чоӊ-чоӊ аймактардын геологиялык карталары (литологиялык-петрографиялык) түзүлө баштайт. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында тоо тек катмарларынан табылуучу ташка айланган байыркы организмдердин калдыктарын изилдөө м-н жер кыртышынын салыштырмалуу жашын аныктоо мүмкүндүгү айкын болот. Ушундан баштап Геология биротоло өз алдынча илимге айланат. 19-кылымдын аягында Жердин тарыхы ж-а сырткы түзүлүшү жалпысынан илимий жактан далилденген. 20-кылымдын башталышында жер кыртышынын курамын, түзүлүшүн изилдөө жолдору калыптанып, Геологиянын бардык тармактарынын өнүгүшү байкалат.
Геология жалпысынан бири-бири м-н тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт. 1) Жер кыртышы м-н литосферанын заттык түзүлүшүн (структурасын) изилдөөчү тармакка төмөнкүлөр кирет: минералогия – табиятта кездешүүчү туруктуу химиялык бирикмелердин (минералдардын) курамы, касиеттери, түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү ж-а закон ченемдүүлүктөрү, ошондой эле пайда болушу ж-а табигый шартта өзгөрүшү жөнүндөгү илим; петрография – тоо тектердин минералдык ж-а химиялык курамын, түзүлүшүн, физикалык касиеттин пайда болушун, өзгөрүшүн изилдөөчү илим; кристаллография – минералдар ж-а алтын, платина, алмаз сыяктуу табиятта таза элемент түрүндө таралган кристаллдык заттардын сырткы формасы м-н ички түзүлүшүн изилдөөчү илим; литология – чөкмө тоо тектердин ж-а учурдагы чөгүндүлөрдүн заттык курамы, түзүлүшү, таралуу закон ченеми, пайда болуу шарты, өзгөрүшү тууралуу илим.
2) Геологиялык процесстер м-н кубулуштарды (динамикалык Геология) изилдөөчү тармакка жер кыртышынын козголушун, анын себебинен болуучу геологиялык түзүлүштөрдү изилдөөчү илим – тектоника кирет. Тектониканын бир тармагы – г е о т е к т о н и к а. Ал Жердин ири структураларын (материктер м-н океандар) изилдейт, ал эми неоген-антропоген мезгилиндеги жер кыймылын изилдөөчү тармагы – н е о т е к т о н и к а деп аталат. Жанар тоолордун пайда болуу ж-а атылуу процесстерин, алардан чыккан магма, жанар тоо тектери ысык суулары м-н газдардын курамын, жер бетине таралуу закон ченемин ж.б. кубулуштарын изилдөөнү вулканология илими жүргүзөт, ал эми сейсмология – жер титирөөлөрдү ж-а ага байланыштуу геологиялык процесстерди изилдейт ж-а алардан алынган маалыматтар б-ча жер титирөөгө кооптуу аймактарды аныктайт. Структуралык Геология – геологиялык тулкулардын, тоо тек катмарларынын жайгашышын, алардын бүктөлүшүн, тектоникалык жаракалар м-н тилкеленишин аныктоочу илим.
3) Жердин чөкмө катмарларындагы сакталып калган калдыктардын негизинде геологиянын тарыхын ж-а анын ырааттуулугун, органикалык дүйнөнүн эволюциясын изилдөөчү тармак – тарыхый Геология. Бул топко төмөнкүлөр кирет: стратиграфия жердин чөкмө тоо тек катмарларынын ырааттуулугун, салыштырмалуу геологиялык жашын аныктайт, палеогеография геология маалыматтардын негизинде өткөн Геологиялык мезгилдердин физикалык-географиялык шарттарын изилдейт; палеонтология – байыркы өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын ташка айланган калдыктары аркылуу өткөн Геологиялык мезгилдердеги тиричиликти изилдейт.
Геологиянын эл чарба керектөөсүнө түздөн-түз байланыштуу тармагына (колдонмо Геология) төмөнкүлөр кирет: кен байлыктар – материалдык өндүрүш чөйрөсүндө натыйжалуу пайдаланууга боло турган жер кыртышындагы минералдык заттар жөнүндөгү илим; гидрогеология – жер астындагы суулар тууралуу илим; инженердик геология ар түрлүү ири курулуштар м-н имараттарды тургузууга байланыштуу кыртыштын физикалык-механикалык касиеттерин аныктайт.
Геология илиминин системасында жер бетинин ири аймактарынын геологиялык картасын түзүп, аларга жалпы баа берүү максатында жүргүзүлгөн аймактык Геология м-н океан-деӊиз түптөрүнөн кен байлыктарды издөөгө ж-а изилдөөгө арналган деӊиз Геологиясы да орчундуу орун ээлейт. Геология башка табият таануу илимдери м-н тыгыз байланышта өнүгүп келет. Айрыкча химия ж-а физика илимдеринин закон ченемдерин, ыкмаларын кеӊири пайдалануунун натыйжасында Геологиянын геохимия ж-а геофизика сыяктуу тармактары пайда болуп, ошондой эле Геология астрономия, география, геодезия, биология, тоо-кен иштери м-н байланышта өнүгүүдө. Учурда Геология илимине теориялык ж-а практикалык изилдөө жүргүзүүдө физикалык, математикалык ыкмалар ж-а заманбап компьютердик моделдештирүүлөр, технологиялар (географиялык маалымат системасы) кеӊири пайдаланылууда. Геологиялык изилдөөлөрдү бүткүл Жер шары боюнча уюштуруп, белгилүү бир багытта жүргүзүү, Геологиянын эӊ негизги көйгөйлөрүн талкуулоо маселелерин 1875-жылы негизделген Эл аралык геологиялык конгресс ишке ашырат. Кыргызстандын Геологиясын илимий жактан изилдөөнү КР УИАнын Геология ж-а Сейсмология институттары, ал эми кен байлыктарын издөө ж-а геологиялык чалгындоо жумуштарын КР Геология ж-а минералдык ресурстар агенттиги жүргүзүп келет.


Ад.: История геологии. М., 1973; Горшков Г. П. Якушова А. Ф. Общая геология. 3 изд. М., 1973; Геологический словарь. Т. 1–2, М., 1973; Мильничук В. С., Арабаджи М. Г. Общая геология. М., 1979; Ершов В. В., Новиков А. А., Попов Г. Б. Основы геологии, М., 1986; Геология (кыскача энциклопедия). Б., 1998; Осмонбетов К. ж. б. Кыргызстандын кен байлыгы. Б., 2004; Сатыкеев Ж. Жалпы геология. Б., 2004 (авторлош); Хаин В. Е., Рябухин А. Г. История и методология геологических наук. 2-е изд. М., 2004.