ГУМБОЛЬДТ Александр

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУ́МБОЛЬДТ Александр (14. 9. 1769, Берлин – 6. 5. 1859, ошол эле жер) – немец табият таануучусу, географ жана саякатчы. Берлин Илимдер академиясынын мүчөсү (1800), Петербург Илимдер академиясынын чет өлкөлүк ардактуу мүчөсү (1818). Окумуштуу В. Гумбольдттун иниси. Франциялык ботаник Э. Бонплан менен бирге 1799–1804-жылдары Түштүк жана Борбордук Американын табиятын изилдеген. 1829-жылы Урал, Алтай, Батыш Сибирге, Каспий деӊизине саякат жасаган. Гумбольдт өсүмдүктүн зона боюнча таралышы жөнүндөгү идеяга, өлкө жана ландшафт таанууга, өсүмдүктөр географиясына негиз салган; бир катар орографиялык жана климаттык закон ченемдүүлүктү аныктаган; изотерма жөнүндөгү түшүнүктү киргизген.

Жер магнетизмин, жанар тоолорду көп изилдеген. Гумбольдттун «1799–1804-жылдары Жаӊы Дүйнөнүн күн-түнү теӊ облустарына саякат», «Табияттын көрүнүшү» (1808), «Космос» (1845–1862, 1–5-том) аттуу залкар эмгектери орусчага которулган. Гумбольдттун ысымы менен бир катар географиялык объектилер (Борбордук Азия менен Түндүк Америкадагы кырка тоолор, Гренландиядагы мөӊгү, Тынч океандагы агым жана башкалар), айрым өсүмдүктөр, минерал, Айдагы кратер жана башка аталган. Берлиндеги университет да ага-ини Александр жана Вильгельм Гумбольдттордун атында.

Ад.: Вульф Е. В. Значение работ А. Гумбольдта для географии растений. М.; Л., 1936; Терра Г. де. А. Гумбольдт и его время / Пер. с нем. М., 1961; Переписка А. Гумбольдта с учёными и государственными деятелями России. М., 1962.