ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР
ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР – жер бетиндеги белгилүү бир аймактын геологиялык түзүлүшү чагылдырылып, кагаз бетине түшүрүлүшү. Геологиялык карталар геологиялык съёмка жүргүзүүнүн ж-а геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында түзүлөт. Геологиялык карталарда түрдүү шарттуу белгилер (түстүү боёк, сызыкча, тамга, сан ж. б.) м-н тоо тектердин жайгашуусу, таралышы, түрлөрү, курамы, жашы, кен байлыктар

Дөбөнүн жалпы көрүнүшү (а) ж-а анын топографиялык картада чагылдырылышы (б); дөбөнүн жалпы көрүнүшү ж-а аны түзгөн кумдук, акиташ тектүү катмарлары (в); алардын геологиялык картага түшүрүлүшү (г).

ж. б. көрсөтүлөт. Геологиялык карталардын жанына геологиялык кесилиш, стратиграфиялык колонка, шарттуу белгилер ж-а алардын түшүндүрмөлөрү берилет. Геологиялык карталар мазмунуна карай накта Геологиялык карталар ж-а антропогендик (төртүнчүлүк) чөкмөлөрдүн, тектоникалык, литология-фациялык, палеогеографиялык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык карталар,

ошондой эле кен байлыктарды, кендерди божомолдоочу ж-а геохимиялык карталар деп, ал эми масштабы боюнча кичине масштабдуу (1:1000 000, 1:500000), орто масштабдуу (1:100000, 1:200 000), ири масштабдуу (1:50 000, 1:25 000) ж-а дыкат (1:10 000, 1:5000, 1:2000) карталар деп бөлүнөт. Геологиялык карталар боюнча жер кыртышынын түзүлүшү, өнүгүп-өөрчүшү, андагы кен байлыктардын таралуу закон ченеми жөнүндө маалыматтар алынат. Ал маалыматтар геологиялык издөө-чалгындоо жумуштарын долбоорлоого, калкты суу м-н камсыз кылууга, инженердик геология ж-а мелиорация боюнча изилдөө ж-а курулуш иштерин жүргүзүүгө негиз болот. Көпчүлүк Геологиялык карталар жеринде геологиялык карта түзүү иштеринин натыйжасында ж-а атайы жобонун (инструкциянын) негизинде жасалат. Картага адатта шарттуу белгилер (легенда) ж-а түшүндүрүү тексти м-н кошо тоо тектердин пайда болушунун ыраатуулугу көрсөтүлгөн стратиграфиялык колонка, ошондой эле тоо тек катмарларынын, кенташ тулкуларынын, тектоникалык жаракалардын жайгашуу абалдары, калыӊдыгы, курамы ж. б. чагылдырылган геологиялык кесилиш берилет.
Ад.: Михайлов А. Е. Структурная геология и геологическое картирование. 4-е изд. М., 1984; Структурная геология. М., 1986; Создание Госгеолкарты – 200 с применением компьютерных технологий. М., 1999.