ГУСЕЙН МЕХТИ
ГУСЕЙ́Н МЕХТИ [өз аты-жөнү – Г у с е й н о в Мехти Али оглы; 4(17). 4. 1909, Азербайжан, Шыхлы кыштагы – 10. 3. 1965, Баку] – азербайжан жазуучусу, сынчы, драматург, публицист. Азербейжан ССРинин эл жазуучусу (1964), 1921-жылы Казак педагогикалык техникумун, 1930-жылы Азербайжан университетинин тарых факультетин 1938-жылы Москвадагы киноискусство академиясын бүтүргөн. СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1950), Алгачкы аӊгемеси 1927-жылы жарыяланган. Тарыхый революциялык аӊгемелери, повесттери, романдары жана пьесалары: «Жазгы ташкын» (1933–1936), «Даӊк» (1938–1939), «Тарлан» («Салгылашуу», (1940), «Комиссар» (1942), «Апшерон» (1947), «Таӊ» (1950–1953), «Кара аскалар» (1957), «Жер астындагы суулар океанга куят» (1966), «Низами» жана башкалар. Гусейн Мехти Азербайжан жазуучулар союзунун төрагасы, Азербайжан ССР Жогорку Советинин (5-шайланышынын) жана СССР Жогорку Советинин (6-шайланышынын) депутаты болгон. Ордендер менен сыйланган.
