ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ
ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ – биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Гүлчө кыштагынын (Алай району) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-жылы А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген чарчы сепил түрүндө экендигин жана анын ичинде турак жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. Ошол эле Караханиддер дооруна (X–XII кылымдар) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез менен күмүштүн аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп же мансаптуу адамдын турак жайы болушу мүмкүн. О. Солтобаев.