ГЕОСФЕРАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОСФЕРАЛАР (гео.. ж-а сфера) – Жердин агрегаттык абалы, физикалык касиеттери ж-а химиялык курамы боюнча айырмаланган, борборлошкон, бүтүн же үзгүлтүктүү катмарлары (кабыктары). Жердин четинен борборун көздөй магнитосфера, атмосфера, гидросфера, литосфера, мантия ж-а Жердин борбордук бөлүгү – ядро бөлүнөт. Мындан тышкары Геосфераларга жер бетинде тиричиликти жайылткан ж-а атмосферанын төмөнкү, литосферанын жогорку бөлүгүн, бүт гидросфераны камтыган биосфера, ошондой эле спецификалык түрдө географиялык
кабык кирет, к. Жер.
Ы. Токторова.