ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ – to ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ – жер кыртышындагы тоо тектердин температурасынын туруктуу деӊгээлден баштап, тереӊдеген сайын 1°С жогорулаган аралык (м). Геотермдик баскыч чоӊдугу, жер кыртышындагы ар башка жерлер м-н ар башка тереӊдиктерде 5 мден 150 мге чейин өзгөрөт. Орточо чоӊдугу 33 мге барабар кабыл алынып, ал чөкмө тектердеги нормалдуу жылуулук агымды мүнөздөйт. Өтө тереӊдиктерде басым чоӊойгон сайын жылуулук өткөргүчтүктүн да жогорулашына байланыштуу температуранын өсүшү же басаӊдашы болжолдонот.