ГЕОХИМИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:23, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОХИМИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕР – тоо тектер м-н минералдардын, ошондой эле аларды пайда кылган эринди м-н эритмелердин химиялык курамынын өзгөрүү абалы. Геохимиялык процесстердин натыйжасында элементтер алмашат, бирөөлөрү азайып, экинчиси көбөйүп, алар жер кыртышында дайыма жылып турат (миграция). Тоо тек же минерал пайда кылуучу материал адегенде белгилүү бир химиялык курамда болот. Тоо тек пайда болгондо материал башка шартка өтөт да, курамы өзгөрөт. Кийин геологиялык түрдүү шарттарга туш келип, туруксуз элементтер физикалык ж-а химиялык жактан өзгөрөт, тоо тек же минерал алгачкы курамынан дагы айырмаланат. Мындай процесс тынымсыз, узак убакыт бою акырындык м-н жүрө берет. Геохимиялык процесстер геологияга чейинки же планеталык, эндогендик, экзогендик ж-а метаморфогендик процесстерге бөлүнөт. Г е о л о г и я г а ч е й и н к и Геохимиялык процесстер Жердин асман телосу катары пайда болушуна байланыштуу процесстерди камтыйт. Мында космостук чаӊ м-н метеориттердин эсебинен Жердин химиялык курамы өзгөрөт. Э н д о г е н д и к Геохимиялык процесстер үстүнкү мантияда магманын эришинен башталат. Магма температура ж-а басымдын өзгөрүшү (төмөндөшү) м-н ар түрдүү татаал дифференциацияга (ликвация, кристаллдануу ж. б.) туш болуп, андан химиялык курамы, структурасы ж-а бир эле минералдан өлчөмү ар түрдүү тоо тектер ж-а кендер (кенташтар) пайда болот. Адегенде (600– 800°С) ультранегиздүү ж-а негиздүү тоо тектер (дунит, перидодит, пироксенит, габбро ж. б.) пайда болуп, аларда Fe, Cr, Ti, Pt ж. б. кенташтар топтолот. Бул элементтердин бөлүнүп кетишинен кийин магма кычкылданып, диориттерди бөлөт. Андан кийин магма Si, Al, Na, F, Н, В ж. б. м-н байып, кристаллданган (700°С) граниттер ж-а пегматиттер келип чыгат. Газ элементтер (Н, Сl ж. б.) мурда каткан тоо тектерге таасир тийгизип, автометаморфизм сыяктуу метасоматоздук процесстерге дуушар кылат. Ошону м-н катар сейрек металлдардын топтолушу жүрөт. Акырында магмадан бөлүнүп чыгып, сууп калган буу, газ ж-а ысык суулар (50°–550°C), скарн, грейзен ж-а пневматолит – гидротермиялык кендерин (Cu, РЬ, Au, Ag, Zn, Sn, W, U ж. б.) пайда кылат. Э к з о г е н д и к Геохимиялык процесстерге же жер бетиндеги тоо тектердин организм, суу ж. б-дын таасири м-н (окистенүү, карбонаттануу ж. б.) үбөлөнүп бузулушунан алардын химиялык кypaмынын бир түрдөн экинчи түргө өтүү процесстери кирет. Үбөлөнгөн тоо тектердин күкүмдөрү ж-а эриндилери суу м-н деӊиз-океандарга агып келет да, химиялык дифференциацияга дуушарланат. Адегенде жээкте бокситтер, андан ары темир, марганец кен таштары, фосфориттер, алардан кийин акиташ теги ж-а доломиттер чөгөт. Бул чөкмөлөрдүн химиялык кypaмынын aндaн аркы өзгөрүшү диагенез, эпигенез, биогенез ж. б. процесстердин натыйжасында болот. М е т а м о р ф о г е н д и к Геохимиялык процесстердин натыйжасында тоо тектердин химиялык курамы өзгөрүп, алар метаморфизмделген башка түрдөгү тоо тектерге айланат (к. Метаморфизм).