ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – айлана-чөйрөгө анализ жүргүзүүгө, алдын ала божомолдоого, ошондой эле башкаруу маселелерин чечүүгө багытталган аппараттык-программалык комплекс. Ал өзүнө маалымат чогултуу, топтоо, кайра иштеп чыгуу, жаӊылоо ж-а мейкиндик боюнча багытын аныктап жайылтуу иштерин камтыйт. Геоэкологиялык маалымат системасы 1993-жылы Россияда түзүлгөн. Келечекте айлана-чөйрө ж-а табигый ресурстары боюнча Эл аралык бирдиктүү маалымат системасын түзүү каралууда. БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасынын негизинде Геоэкологиялык маалымат системасынын «Global Resourse Information Database» концепциясы түзүлгөн. Геоэкологиялык маалымат системасын түзүүнүн негизги концепцияларына төмөнкүлөр кирет: аймактын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу м-н маалыматтарды чогултуу ж-а алмашуу б-ча бирдиктүү технологияны колдонуу; аппараттык-программалык каражаттарды бир түргө келтирүү; долбоорлук ж-а көзөмөлдүк документтер системасы м-н иштелип чыккан маалымат жыйынтыктарынын шайкештиги, программалык каражаттардын вариобелдүүлүгү ж-а ачыктыгы. Геоэкологиялык маалымат системасынын технологиясы методологияны, алгоритмдерди ж-а аспаптык чөйрөнү (аппараттык программалык комплексти) камтыйт.
Б. Үсөнканов.