ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРТИ́ЗА – курулушта, ошондой эле кандайдыр бир ишкананын ж-а мекеменин иштөө процессинде боло турган экологиялык бузулуу кесепетинин адис же адистер тобу тарабынан иликтениши ж-а бааланышы. Геоэкологиялык экспертиза божомолдонгон маалыматтарды бири-бирине салыштыруу аркылуу ишкананын отурукташкан калкка, айлана-чөйрөгө, башка ишканаларга (айлана-чөйрө аркылуу) тийгизе турган таасирин аныктоо м-н жүзөгө ашырылат. Геоэкологиялык экспертиза адатта төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: табият шартына баа берүүнү; ишканалардын адамзаттын жашоо шартына, табигый ресурстарына, башка ишканаларга таасирин анализдөөнү; ченем (нормативдик) базасына ылайык ишкананы куруунун ж-а пайдалануунун экономикалык, экологиялык ж-а социалдык натыйжалуулугун аныктоону; курулуштун түрдүү варианттарын анализдөөнү. Геоэкологиялык экспертиза мамлекеттик, ведомстволук ж-а коомдук болуп бөлүнөт; ошондой эле к. Экологиялык экспертиза.
А. Козубекова.