ГЕОЭКОСИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЭКОСИСТЕ́МА – өзүнө катуу, суюк, газ фазаларын ж-а тирүү затты камтыган табигый геологиялык объектилердин ж-а аларды курчаган чөйрөнүн жыйындысы. Жердин өнүгүү тарыхында Геоэкосистема көптөгөн космостук, эндогендик, экзогендик факторлорго, ошондой эле түрдүү талаалар (магнит, электр, жылуулук ж. б.) байланыштуу болот. Булардын бирдиктүү таасиринен Жер шарында негизинен эволюциялык өзгөрүүгө дуушарланган салыштырмалуу стационардык абал түзүлүп, алаамат энергия булактары ж-а заттар пайда болууда. Алардын ичинен негизгилери табигый суусу ж-а анда эриген химиялык элементтер болуп эсептелинет.
М. Толоев.