ГЕРАЛЬДИКА
ГЕРА́ЛЬДИКА (соӊку лат. heralddus – жарчы), г е р б т а а н у у – 1) 13 – XIX кылымдын 1-жарымына чейин Европада рыцарлар, дворяндар, цехтер жана башкалар үчүн гербдерди иштеп чыгуу, түзүү. Орто кылымдарда жарчылар рыцарлардын турнирге катышуу укугун далилдөөчү гербин жарыялоо салтынан улам келип чыккан. Кийинчерээк Геральдика мамлекеттик мааниге ээ болгон: гербдерди берүү жана бекитүү королго гана тиешелүү болуп, гербге ээлик кылууга укук берүүчү атайын мыйзамдар (герб грамотасы) иштелип чыккан. Европа королдорунун сарайларында гербдердин кимге таандык экендигин аныктаган, аларды чогулткан жана жаӊы гербдерди жасаган атайын дайындалган адамдар – герольддор болгон. Кийин алар герольдмейстер жетектеген Герольдия мекемелерине бириктирилген. Король тарабынан бекитилбеген гербдер пайдаланылса, айып салынган. Учурда Англияда жаӊы шайланган пэрлердин (парламент мүчөлөрү) тегин тактоо жана аларга таандык жеке гербдерди иштеп чыгуучу Геральдика палатасы бар. 2) XIX кылымдын 2-жарымынан Геральдика тарых илиминин гербдерди изилдөөчү көмөкчү тармагы катары калыптанган. Жалпы эле гербдерди (өзгөчө тамгалары менен белгилерин) изилдеп, аларды тарыхый дарек (булак) катары пайдаланат. Геральдика генеалогия, нумизматика, археология, палеография, сфагристика (мөөр) менен тыгыз байланыштуу. Европада 1-жолу Берлинде 1706-жылы Геральдика кафедрасы ачылган.


Ад.: Геральдика: материалы и исследования. Л., 1987.