ГЕРАСИМОВ Михаил Михайлович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРА́СИМОВ Михаил Михайлович [2 (15). 9. 1907, Петербург – 21. 7. 1970, Москва] – орус окумуштуусу, антрополог-скульптор, археолог, тарых илимдеринин доктору (1956). СССР илимдер академиясынын этнография институтунда пластикалык жол менен калыбына

М. М. Герасимов иш үстүндө. Рудакинин келбетин түзүп, калыбына келтирүүдө. 1950.

келтирүү лабораториясынын башчысы (1950–1970) болуп иштеген. Ал адамдын баш сөөгү боюнча анын бет түзүлүшүн калыбына келтирүү методун негиздеген. 100дөн ашык байыркы адамдардын (австралопитек, питекантроп, синантроп), кейпин, ошондой эле 20дан ашык тарыхый ишмерлердин (Ярослав Мудрый, Тимур, Улугбек, Иван Грозный), Орто Азиядагы Тешик-Таш үӊкүрүнөн табылган неандерталдыктын, андрон, кеӊкол маданияттарынын өкүлдөрүнүн, согдулуктун, ак сөөк скифтин жана башкалардын келбетин түзүп, калыбына келтирген. Жогорку палеолит дооруна таандык Мальта турак жайын ачкан жана изилдеген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1950). «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.


Эмг.: Мальта – палеолитическая стоянка. Иркутск, 1931; Восстановление лица по черепу. М., 1955; Опыт воспроизведение документального портрета по скелету из Панджруда. Душ., 1958; Люди каменного века. М., 1964.