ГЕРМАНИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРМАНИ́СТИКА – герман тилдүү элдердин тили, адабияты, тарыхы, материалдык жана рухий маданиятын изилдеген илимий дисциплиналардын жыйындысы. Термин көпчүлүк учурда байыркы жана азыркы герман тилдери, диалектилери, ошондой эле адабиятын изилдеген илим маанисинде колдонулат. Германистикага даниялык илимпоз Р. Раск (1787–1832) жана немец илимпозу Я. Гримм (1785–1863) негиз салышкан. 20-кылымдын экинчи жарымынан Америка Кошмо Штаттарында, СССР, Японияда Германистика боюна ири илимий борборлор түзүлгөн.