ГЕРОНТОЛОГИЯ
ГЕРОНТОЛО́ГИЯ (гр. gtron – карыя ж-а ...логия) – медицина-биологиялык илимдердин тирүү организмдин картаюусуна себеп болгон ж-а аны коштогон биологиялык механизмдерди ж-а процесстерди, ошондой эле картаюуну кечеӊдетүүчү, өмүрдү узартуучу методдорду изилдөөчү тармагы. Ал гериатрия (кары организмдеги оорунун өзгөчөлүгү), герогигиена (карылардын гигиенасы) ж-а геронтопсихология (карылар психологиясы) болуп бөлүнөт. Геронтология молекула ж-а ткандардан баштап, бүткүл организмге чейин картаюунун себептерин ж-а пайда болушун изилдейт. Анын өсүшү негизинен үч (эксперименттик, клиникалык ж-а социалдык) багытта жүргүзүлөт. Изилдөөлөрүндө клиникалык, биологиялык, биохимиялык, биофизикалык, физиологиялык ж. б. методдорду колдонот.