ГЕРЦЕН Теодор Теодорович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Т. Т. Герцен «Манас» эпосуна иллюстрация

ГЕ́РЦЕН Теодор Теодорович (15. 3. 1935, азыркы Талас облусу, Бакай-Ата району, Ак-Дөбө айылы – 29. 6. 2003, Германия, Хюрт шаары) – сүрөтчү-монументалист, график, живописчи, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1993). Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москвадагы Строганов атындагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайын (1966) бүтүргөн. 1965-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1970-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз сүрөт фондунун төрагасы. Т. Герцен монументтик-декоративдик искусстводо, станоктук жана китеп графикасында эмгектенген.

Теодор Теодорович Герцен
Т. Герцен. «Манас» эпосуна иллюстрация.

Теодор Герцендин монументтик эмгектерине Кемин районундагы мурунку Ильич атындагы колхоздун клубунун фойесиндеги «Эс алуу» (1967), Ош драма театрындагы мозаика жана витраждар (1974), ВЛКСМ атындагы кийим тигүү фабрикасынын бет маӊдайындагы мозаика (1984) кирет. Графиканын линогравюра, сүрөт, пастель жана акварель техникаларында иштеп, «Мөл булак» (1966), «Соӊ-Көлдө» (1976), «Уктаарда» (1978), «Менин өнөрканам» (1980) сыяктуу көп серияларды жана циклдерди жараткан.
Т. Герцен «Манас» эпосунун 3 томун (С. Орозбаковдун варианты боюнча) жана «Нибелунгдардын шакеги» аттуу немец эпосун көркөмдөгөн. Герцендин эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн жана Германиянын музейлеринде, өздүк коллекцияларда сакталууда. Медалдар менен сыйланган.


Теодор Герцендин Талас облусундагы музейи.