ГЕТЕРАКИДОЗ
ГЕТЕРАКИДО́З – куштардын гельминтоз ылаӊы. Heterakidae тукумундагы мите курт пайда кылат. Ылаӊ бардык жерде кездешет. Гетеракиддер – майда, ак саргыл түстөгү жумуру курттар, узундугу 5–13 мм. Личинкасы тышкы чөйрөдө өсүп жетилет. Гетеракидозду ылаӊдуу куштар таратат. Патологиялык процесс ичегиде өөрчүп, кийинчерээк башка органдарга өтөт. Мите курттар ичегинин былжыр челин жаралантып, анын безин некрозго айландырат. Дарылардан фенотиазин колдонулат. Профилактика: жөжөлөрдү өзүнчө бөлүп, жайытты которуу, тоокканадагы буюмдарды таза кармоо ж. б.