ГЕТЕРОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:56, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕТЕРОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР – даяр органикалык заттар м-н азыктануучу организмдер. Автотрофтуу организмдерден айырмаланып, алар органикалык эмес заттардан органикалык заттарды өз алдынча түзө албайт. Гетеротрофтуу организмдерге адам ж-а бардык жаныбарлар, кээ бир өсүмдүктөр, козу карындар, көпчүлүк бактериялар, микроорганизмдер кирет. Алардын көпчүлүгү – топуракта жашаган аэробдор ж-а анаэробдор. Алар органикалык заттарды чиритип, өсүмдүккө азык болуучу бирикмелерге чейин ажыратат, топурактын кара чириндисин түзүүгө катышат, анын күрдүүлүгүн арттырат ж-а табияттагы зат алмашуу процессинде маанилүү роль ойнойт. Булар сапрофиттер деп аталат. Айрымдары мителер – мал ылаӊын, өсүмдүк илдетин, адам оорусун козгогучтар.