ГЕШТАЛЬТПСИХОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕШТАЛЬТПСИХОЛО́ГИЯ , г е ш т а л ь т т е о р и я (нем. Gestalt – түр, кебете, бүтүндүк ж-а психология) – азыркы психологиядагы башкы багыттарынын бири, интроспекциялык (өзүн өзү байкоо) психологиясына каршы теория катары жаралган. Маӊызы – психологиялык татаал кубулуштарды талдоого алганда бүтүндү бүткүл курамы м-н бирге кароо зарылдыгын сунуштайт. 20-кылымдын башында Германияда пайда болгон. Гештальтпсихологиянын башкы өкүлдөрү – немец психологдору М. Вертхеймер, В. Кёлер, К. Коффка, К. Левин психиканын негизги элементин сезим эмес, кандайдыр бир психикалык курумдар же гештальттар түзөт деп эсептешкен. Гештальтпсихологияда бүтүндү бөлүктөрдүн суммасы катары кароого болбойт деген тезис бар. Ал өзүнүн теориялык ырастамасын алган. Айталык, бөлүктөрдүн өзгөрүүлөрү суммага төп келбей калышына алып келген күндө да, жалпысынан бүтүндүн толук сакталышы аныкталган. Бул гештальтсапат аталган бөлүктөр тийиштүү функцияга ээ. Бүтүндүн куруму функциялуу ж-а динамикалуу. Бүтүн өзүндөгү ички күчтүн динамикалуу таасири астында олуттуу нерсеге өтүп кетүүсү мүмкүн. Кийинчерээк Гештальтпсихологиянын идеясы физикалык, физиологиялык ж-а экономикалык көрүнүштөргө да таркатылган.