ГИБРИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:06, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИБРИ́Д (лат. hibrida, hybrida – аргын, кошмо) – тукум куугучтук касиети ар башка жаныбар ж-а өсүмдүктү (клеткаларды) аргындаштыруудан, кайчылаштыруудан алынган организм (клетка). Гибриддешүүнүн негизинде эволюциянын эӊ негизги күчтөрүнүн бири – комбинациялык өзгөргүчтүк жүрөт. Бир түрдүн особдорун аргындаштыруу – түр ичиндеги, ал эми башка түрлөр же тукумдар особдорун аргындаштыруу алыскы түрлөрдү аргындаштыруу деп аталат. Алыскы түрлөрдү аргындаштырууда ар башка геномдордун кошулуусу жүрөт. Мында аргындар (Гибриддер) эреже катары тукумсуз болушат. Табигый Гибриддешүү эзелтен эле жүрүп келген. Ал жаратылыштын өзүндө өтөт, жасалма гибриддештирүү адам кийлигишүүсү м-н ишке ашат. Мал чарбасында эки башка порода өз ара же түр бири-бири м-н аргындаштырылат. Гибриддештирүүнүн натыйжасында мыкты аргын же жаӊы порода чыгарууга болот. Мындай учурда аргын малда кунардуулук, чыйрактык, тез жетилүү сыяктуу сапат жаралат. Өсүмдүк селекциясында ар башка түргө кирүүчү формаларды же сортторду Гибриддештирүү – аргын алуунун өтө татаал ж-а кыйын ыкмасы. Анткени түрлөрдүн хромосомалары бири-бири м-н коньюгацияланбайт, башкача айтканда оӊой м-н кыналышпайт.