ГИГРОСТАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 24 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИГРОСТА́Т (гигро… ж-а гр. statjs – туруктуу, кыймылсыз) – салыштырмалуу нымдуулукту түзүү ж-а аны бир калыпта сактоо үчүн атайын салынган камера. Гигростат метеорологиялык практикада абанын нымдуулугун өлчөгөн гигрометрди сыноо ж-а текшерүү, лабораторияда ар түрдүү приборлордун нымдуулугун бир калыпта сактоо үчүн колдонулат.