ГИДРАВЛИКАЛЫК ТУРБИНА
ГИДРАВЛИКАЛЫК ТУРБИ́НА, г и д р о т у р б и н а, с у у б а р а с ы – калагы суюктук, көбүнчө дарыя агымынын күчү м-н айлануучу машина. Гидравликалык турбина иштөө принциби б-ча активдүү (эркин агымдуу) ж-а реактивдүү (басым агымдуу), конструкциясы боюнча тик ж-а горизонталдуу болуп айрымаланат. Ири Гидравликалык турбинанын жумушчу дөӊгөлөгүнүн диаметри 10 мге жетип, кубатуулугу 500 МВттан жогору болот. Активдүү Гидравликалык турбинанын ичинен сузгучтуу турбина кеӊири таралган. Реактивдүү Гидравликалык турбина агымынын багыты боюнча октук ж-а радиалдык октук болуп бөлүнөт. Бир жолу жөнгө салынуучу реактивдүү гидротурбинага калагы бурулуучу багыттоочу аппараттуу турбина кирет. Эки жолу жөнгө салынуучу Гидравликалык турбинада багыттоочу аппаратта ж-а жумушчу дөӊгөлөктө бурулуучу калактар жайгашкан. Гидравликалык турбина негизинен ГЭСтерде электр генераторлорун кыймылга келтирүү үчүн колдонулат.