ГИДРОГЕНДӨӨ
ГИДРОГЕНДӨӨ, г и д р л ө ө – ар кандай заттарга суутектин кошулуу реакциясы. Көбүнчө Н–Н байланышынын энергиясы жогору болгондуктан, молекулалык суутек м-н гидрлөө эрежеге ылайык жогорку басымда ж-а катализатордун катышуусунда ишке ашат. Катализатор катарында металлдар (Fe, Ni, Co, Pt, Os, Ru), оксиддер (CoO, Cr2O3, MoO2, PtO2, NiO), сульфиддер (WS2, MoS2) ж-а аралаш катализаторлор колдонулат. Гидрогендөө реакциясы кош байланыштуу органикалык бирикмелер үчүн өзгөчө мааниге ээ, мисалы, бензолду Гидрогендөөдөн – циклогексан, нафталинден тетралин ж-а декалин, май альдегидинен бутанол алынат. Көмүртек оксидин Гидрогендөө метанолду ж-а суюк отундун жогорку октандык компоненттерин алуунун негизги жолу болуп саналат. С=С байланыштарына суутектин кошулушу өсүмдүк майын катуу майга (маргаринге) айландырууда, таш көмүр ж-а нефть продуктуларын кайрадан иштетүүдө кеӊири колдонулат.