ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК АЙМАКТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК АЙМАКТАШТЫРУУ , г и д р о г е о л о г и я л ы к р а й о н д о ш т у р у у – тоо тек катмарларынын гидрогеологиялык шарттарына, жер астындагы суулардын пайда болуусуна, таралуусуна ж-а алмашуусуна карай айрым жерлерди табигый бирдей аймактарга бөлүү. Гидрогеологиялык аймакташтыруу гидрогеологиялык изилдөөлөрдүн негизинде жер астындагы сууларды эл чарбасына пайдалануу ишин жакшыртуу үчүн жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык аймакташтыруу негизинен атайын максаттагы ж-а жалпы болуп бөлүнөт. Жалпы Гидрогеологиялык аймакташтыруу жер астындагы сууларды ар кандай багытта (ичүүгө, сугатка, техникалык керектөөлөргө) пайдалануу, ал эми атайын максаттагы Гидрогеологиялык аймакташтыруу терм же минерал сууларын келечектүү аймактарга бөлүү үчүн жүргүзүлөт. Ар бир гидрогеологиялык аймак суунун жайгашуусу ж-а курамы боюнча бири-биринен айырмаланат, башкача айтканда бир аймакта тузсуз таза суу болсо, экинчисинде минералдашкан туздуу суу кездешет. Кыртыш сууларын аймакташтырууда антропогендин тоо тек катмарларынын таралышын ж-а курамын аныктоо өтө зарыл болсо, артезиан сууларын аймакташтырууда геологиялык структураларды (oйдyӊ, синклиналь, мульда ж. б.) аныктоо керек, анткени көрсөтүлгөн структуpaдa артезиан бассейндери жайгашат. Минералдуу сууларды аймакташтырууда алардын газ курамына айрыкча көӊүл бөлүнөт. Кыргызстандын аймагын, анын гидрогеологиялык шарттары боюнча Р. С. Мангельдин негизинен 3 гидрогеологиялык системага ж-а (Түндүк, Ички ж-а Борбордук Теӊир Тоо), анын ичинен 5 регионго (Чүй – Талас, Ысык-Көл, Нарын, Кантеӊир – Ак-Сай ж-а Арпа бөлгөн (1975); мында 50дөн ашык артезиан бассейндери белгиленген. Гидрогеологиялык аймакташтыруу тоо кырлары м-н чектелип бөлүнөт.


К. А. Кожобаев.