ГИДРОЛОГИЯ СТАНЦИЯЛАРЫ
ГИДРОЛО́ГИЯ СТАНЦИЯЛАРЫ – 1) гидрометеорологиялык кызматтын дарыя, көл, деӊиз, суу сактагыч, саз ж-а мөӊгүлөрдүн гидрологиялык режимине байкоо жүргүзүп, изилдөө иштерин аткаруучу өндүрүш органы. Курал ж-а приборлор м-н жабдылган пункттары болот. 2) Деӊиздин же көлдүн координаталары белгилүү чекиттериндеги пунктары. Анда кемеден гидрологиялык (деӊиздин абалы, аба ырайы, суунун өӊү, тунуктугу, температурасы ж-а химиялык курамына, ошондой эле агымдардын багыты ж-а ылдамдыгына) байкоолор жүргүзүлөт.