ГИДРОМЕТРИЯ
ГИДРОМЕ́ТРИЯ (гидро… ж-а …метрия) – гидрологиянын бир тармагы. Анда суюктуктун абалын, кыймылын ж-а суу объектилеринин режимин, өлчөмүн аныктоо, ошондой эле ал режимдеги кубулуштарга (суунун деӊгээлине, тереӊдигине, түбүнүн рельфине, басымына, агымына, ылдамдыгына, багытына, толкун элементтерине, суунун ылайлуулугуна, суу чыгымына ж. б.) байкоо жүргүзүү ыкмалары иштелип чыгарылат.