БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ
БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ – жалпыга билим берүүчү мектептердин ыр сабагынын орто билимдүү мугалимдерин даярдоочу окуу жайы. Музыкалык жана башталгыч мектептер бөлүмү бар. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылдын 15-июлундагы токтомунун негизинде ачылган. Уюштурулгандан бери окуу жайын 3000ден ашуун (2004) музыка сабагынын мугалими жана балдар бакчасынын музыкалык тарбиячылары бүтүргөн.