БОЁКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:34, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Индиго
Индиго
Кымыздык

БОЁКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР – курамында боёочу заттары бар өсүмдүктөр. Мисалы, шафран, индиго, ышкын, эӊилчек жана башкалар. Алардын кабыгында, жалбырагында, мөмөсүндө, тамырында, гүлүндө, бүчүрүндө жана уругунда боёгуч заттар болот. Көбү кымыздыктар, талдар, чанактуулар, эндиктер, тыттар жана башка өсүмдүк урууларына кирет. Белгилүү болгон 2 миӊден ашык өсүмдүк пигменттеринин 100дөн ашууну пайдаланылат. Табигый боёк заты байыртадан белгилүү болуп, XIX кылымдын 2-жарымына чейин текстиль өндүрүшүндө, тери, жүн боёдо, парфюмерия жана башкаларда колдонулуп келген. Химия өнөр жайынын өсүшүнө байланыштуу табигый боёктор синтездик боёктор менен алмашылды, бирок айрым табигый боёктор азыр да пайдаланылат. Кыргыз эли өсүмдүк кабыгын, тамырын жана ашын тери, жип, тон, жүн боё

до эзелтеден бери колдонуп келген.

Шафран
Шафран