ГИДРОСТАТИКАЛЫК ПАРАДОКС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГИДРОСТАТИКАЛЫК ПАРАДОКС – to ГИДРОСТАТИКАЛЫК ПАРАДОКС) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОСТАТИКАЛЫК ПАРАДО́КС – идиштеги суюктуктун салмагы ал суюктуктун идиштин түбүнө жасаган басым күчүнөн айырмаланган кубулуш. Оозу кенен идиштеги суюктуктун идиштин түбүнө жасаган басымы салмагынан аз, ал эми оозу кууш идиште анын салмагынан чоӊ; ал эми цилиндр түрүндөгү идиште суюктуктун салмагы м-н басым күчү бирдей болот. Ар кандай формадагы, түбүнүн аянты бирдей идиштерге бир эле суюктукту бирдей деӊгээлге чейин куйса, анда суюктуктар ар кандай салмакта болсо да, бардык идиштердин түбүнө аракет этүүчү басым күчтөрү бирдей ж-а цилиндр түрүндөгү идиштеги суюктуктун салмагына барабар болот. Бул тынч абалдагы суюктук басымынын тереӊдикке ж-а тыгыздыкка көз карандылыгын түшүндүрөт. Гидростатикалык парадоксту алгач 1654-жылы франциялык математик ж-а физик Б. Паскаль байкаган.