ГИДРОСТРОИТЕЛЬ
ГИДРОСТРОИ́ТЕЛЬ – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кеӊ-Булуӊ айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун ж-а Чоӊ Чүй каналынын боюнда, деӊиз деӊгээлинен 764 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борборунан ж-а темир жол бекети Ивановка кыштагынан 14 км чыгыш тарапта. Кыштак 1958-жылы отурукташкан. Калкы 1032 (2009). Негизги мектеп, китепкана бар. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.