ВЕСТЕРОЛЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́СТЕРОЛЕН – Норвег деӊизиндеги аралдар. Скандинавия ж. а-нын түн.-батыш жээгине жакын. Норвегиянын аймагы. Жалпы аянты 2,4 миӊ км2. Фьорддор, аскалар (бийикт. 1266 мге чейин) кездешет; чым көӊдүү, шалбаалуу жерлери бар. Жээктериндеги түздүктөрдө эл отурукташкан. Негизги порту – Харстад. Балык кармалат.