ГИЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИ́ЗА – Египеттеги шаар. Нил дарыясынын жээгинде, Каир шаарына жакын жайгашып, анын шаар спутниги Гиза мухафазасынын административдик борбору. Калкы 3,5 млн (2015). Жолдор тоому ж-а ири соода борбору. Тамеки, машина куруу (анын ичинен радиотехника), химия, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн. Гизанын түштүк-батышында, Ливия чөлүндө пирамидалар комплекси (фараондор Хеопс, Хефрен, Микериндин ж-а Чоӊ сфинкс) сакталган. Пирамидалар жайгашкан аймак Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.