ГИЛБЕРТ АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИ́ЛБЕРТ АРАЛДАРЫ – Тынч океандагы атоллдор (аралдар) тобу (16дай), Микронезияда; Кирибати мамлекетине караштуу. Аянты 264 км2. Өлкөнүн борбору – Баирики шаары Тарава атоллунда жайгашкан. Климаты экватордук, ысык ж-а нымдуу. Бадалдуу өсүмдүктөр басымдуу. Кокос пальмасы, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Гилберт аралдары 1764 ж-а 1824-жылдардын аралыгында англиялык деӊиз офицерлери тарабынан ачылып, капитан Ж. Гилберттин урматына аталган.