ГИЛЬМЕНД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 15 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИЛЬМЕ́НД , Х и л ь м е н д – Афганстандагы дарыя (төмөнкү агымы Иранда). Узундугу 1150 км, алабынын аянты 500 миӊ км2дей (көп бөлүгүн какыраган чөл ээлейт). Гиндукуштан башталып, Дашти-Марго ж-а Регстан чөлдүү түздүктөрү аркылуу агат да, Систан туюк ойдуӊундагы Хамун көлүнө куят. Башкы куймасы – Аргандаб. Орточо чыгымы 400–500 м3/сек, жаз-жай айларында кирет. Сугатка пайдаланылат.