ГИПЕРБОЛА (көркөм ыкма)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 15 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГИПЕРБОЛА to ГИПЕРБОЛА (көркөм ыкма)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕ́РБОЛА – апыртып сүрөттөөгө негизделген көркөм ыкма; бир нерсенин чыныгы өзүндө жашаган белгисин апырта көрсөтүү (мисалы, анын акылы Ысык-Көлдөй тереӊ, Ала-Тоодой бийик). Ал ойдун курч, таасирдүү формада айтылышы үчүн керек. Гипербола эпикалык фольклорго, романтикалык поэзияга мүнөздүү. Көбүнчө литотанын карама-каршы түшүнүгү катары колдонулат.