ГИПЕРКИНЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 15 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕРКИНЕ́З (гипер... ж-а гр. kinesis – кыймыл) – нерв системасы органикалык ж-а функциялык бузулганда болуучу эрксиз кыймылдар. Ага атетоз, хорея, паркинсонизм ж. б. кирет. Атетоздо негизинен кол эрксиз кыймылдайт, муштум араӊ түйүлүп, жазылбайт же манжалар жазылган бойдон бүгүлбөй калат. Гиперкинездин калтырама түрү көп кездешет. Ал нерв системасынын кайсы бир оорусунда, функциялык бузулууларында, кээде тукум куума болот. Анда киши кыймылдаса да, кыймылдабаса да башы калчылдап, колу калтырай берет, бирок уктаганда жоголуп, бир нерсеге капа болгондо күчөйт. Истериялык невроздордо, ошондой эле неврастения, психастенияда түрдүү эрксиз кыймылдар пайда болот. Алар мээ кыртышында патологиялык козголуунун дайыма пайда болушуна байланыштуу.