ГИПЕРОНДОР
ГИПЕРОНДОР (гр. hyptr – жогорку) – массасы нуклондукунан (протон м-н нейтрон) чоӊ ж-а жашоо (өзүнчө болуу) мөөнөтү ядронукунан узагыраак болгон туруксуз элементардык бөлүкчөлөр. Алар адрондорго кирип, бариондор болуп эсептелет. Гиперондор өзгөчө кванттык сандарга ээ: бөтөнчөлүк (S) ж-а К-мезондор м-н кээ бир резонанстар биригип, бөтөнчө бөлүкчөлөрдүн тобун пайда кылат. Гиперондордун бир нече тиби белгилүү: лямбда (), сигма (–, 0, +), кси (–,0) ж-а омега (–), Булардын тажрыйбада байкалган антибөлүкчөлөрү бар. Гиперондордун бөтөнчөлүгү – терс белгиде (антигиперондор – оӊ). Күчтүү өз ара аракеттешүүлөрдө пайда болуу м-н начар өз ара аракеттешүүдөн орт. ~1010
сек убакытта Гиперондор бөлүнөт. Бул учурда лептондор бөлүнүп чыгат. Начар өз ара аракеттешүүгө байланышкан бардык бөлүнүүлөрдө бөтөнчөлүктүн өзгөрүшү байкалат. Бөлүкчөлөрдүн жаӊы мүнөздөмөсү – бөтөнчөлүктү 1955-жылы америкалык физик М. Гелл-Манн м-н япон физиги К. Нишижима киргизген. Биринчи Гиперондор () 1947-жылы космос нурларында ачылып, алардын бар экени 1951-жылы толук далилденди. Гиперондорду так ж-а системалуу изилдөө Гиперондор заряддалган бөлүкчөлөрдүн ылдамдаткычтарынын жардамы аркылуу алынгандан кийин мүмкүн болду. 20-кылымдын 70-жылдарында 20 – 100 ГэВ энергиялуу заряддалган ж-а нейтралдуу Гиперондордун шооласы алынды. Гиперондордун касиети бөлүкчөлөрдүн азыркы кварк моделинин чегинде түшүндүрүлөт. Тез кыймылдаган бөлүкчөлөрдүн ядро м-н өз ара аракеттешүүсүнөн гиперядро пайда болот.